Биз социалдык тармакта

Түрк ЖМКлары: "Орхан Инанды террордук уюмдун мүчөлөрүнө Кыргыз өлкөсүнүн паспортторун мыйзамсыз алып берген"

Түркиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Орхан Инанды "Куралдуу террордук уюмду негиздегени жана жетектегени" үчүн камакка алынгандыгын жазып чыгышты. Маалыматта Инанды 2001-жылдан бери Фетуллахчы террордук уюмунун (ФЕТО) Кыргыз өлкөсүндөгү жооптуу кишиси экендиги айтылат.

"Орхан Инанды уюмдун лидери Фетхуллах Гүлендин көрсөтмөсү менен Кыргыз өлкөсү, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстанда уюмдун иштерин жүргүзгөн. Ал Кыргыз өлкөсүндө жүргөндө АКШда жашаган ФЕТОнун лидерине тез-тез барып турган. Инанды АКШдан ФЕТОго таандык ByLock телефон тиркемеси аркылуу тапшырма алчу. Ал Түркиядан Кыргыз өлкөсүнө качкан уюмдун мүчөлөрүнө башпаанек сураган. Андан сырткары уюмдун жогорку даражалуу 25 мүчөсүнө Кыргыз өлкөсүнүн паспортун мыйзамсыз алып бергени аныкталды. Кыргыз өлкөсүнүн паспортун алгандардын арасында Түркияда "террордук уюм түзүү" беренеси менен издөөдө жүргөн Мустафа Өзжан менен Али Челик да бар", - деп жазышкан маалымат каражаттары Түркиянын коопсуздук кызматтарына шилтеме берүү менен.

Белгилей кетсек, Орхан Инанды Кыргыз жараны жана көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө иштеп, жашап келген. Ал ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Kg2020
2021-07-07 11:00:49
Эрдогандын аркасында толтура Ислам душмандары бар,ошол эле игил,моссад,агахан.Эрдоган Игилге курал жарак берип нефть алып жатат ко
0
Milduri
2021-07-07 11:35:45
Орхан Инанды агартуучу, менеджер, мугалим, террордун т сы дагы жок бул кишиде, аябай кичи пейил, боорукер, мен билген эң жакшы адам.
-5
zhykyo
2021-07-07 11:49:30
Milduri,кулакка тепечи чоогу жашап жургондой эле жазыпсын да .
+6
bond02
2021-07-07 12:07:37
Агент экен да орто азиядагы.
+2
Asmat84
2021-07-07 12:34:11
Мен бул кишини тааныбайм деле го себатта окуган да эмесмин бирок түрктөр да бекеринен жөн жерден мынчалык издебесе керек эле балким чындап эле ошондой болгондур башкалардын снблары ошентип иштешет а биздикилер койнундагы катынынын сырын билбей чогуу жүргөн адам дос туугандардын сырын билбей жүрөбүз. Мамлекет үчүн эң биринчи СНБ лар каттуу иштеш керек себеби ошол тыңчы кишилер улуттун улуулугун өлкөнүн бүтүндүгүн сакташат
+2
Nina.alex
2021-07-07 12:39:12
Орхан уйуно отуруп алып таратыптырбы паспортторду??? Кыргыздар сатат да ысык пирожки дей кылып
+11
Mylatka..
2021-07-07 14:29:45
Эки күндөн бери таң калып бүтпөйм.Себат күчтүү билим булагы деп ,жөнөкөйүнөн баштап ак үй ,көк үйдөгүлөрдөн бери кокуйлап атышат.Кыргызстан боюнча илим билим тараткан,окуткан ж.б.у.с сөздөр.
Бирок....түшүнбөйм неге өнүкпөйбүз анда депчи ..Бүт тармакты Инандынын окуучулары ээлесе анан неге жыйынтык жок ???Баякы эле *гөр*го.

+3
muslima-0788
2021-07-07 15:15:04
Бул кишини ата катары уй булосунун жанында болушун каалайм.Туркто окуган эмесмин тиешем жок акам , эжем балдары окуган лицейде.Билим жагынан бизден алдыракта болушу мумкун бирок тарбиясы ото бузулат экен ата энеге,бир тууганына кыргыздын мамилесин кылышпай калат жалкоо болушат.Элин суйбой калат экен.Орхан жоголду дегенден баштап пикетке чыгышты,статустарынан Орхан тушпой калды.Шайлоо болсо кадам шилтеп барбаган туугандарым пикеттерге чыгышты го чиркин.Турктор андай мындай дешип оозунан тушурбойт
+1
Kg2020
2021-07-07 18:55:33
muslima-0788,кулакка теппечи ..менин иним окуган,ата энесин карайм деп 2000$ айлыгын таштап Бишкектен айылга келди го..
+2
muslima-0788
2021-07-08 00:47:00
Kg2020,Сенин инин эле кыйраткан окшойт анда ))).Кимдин баласы же кызы окуса ошол наалыган ото коп уктум ушуну.
0
Manas230595
2021-07-07 15:21:22
ар нерсе болушу мүмкүн жон эле жерден алып кетпесе керек ошого жараша бир иши бардыр орхан инандан башка деле ошончо проблема бар кыргызстанда бир жери скрытый алып кеткени болду кантип деген суроо келет бирок таң деле калбасак болот кыргызстанда акча менен баарын кылсаң болот
+3
Gulina90
2021-07-07 18:19:15
Паспортту туш келди сатышат,итине,да питине да паспорт саткандарга туз сепсе.
+2
make2
2021-07-07 21:18:36
Террорист болуп кимди өлтурду,жардырды, коркутту, уурдады? Эрдогандын жомогуна ишенбегиле, паспорт саткандай ГРС тин чоңу беле?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан