Биз социалдык тармакта

Тазабек Икрамов ЕККУнун Парламенттер аралык ассамблеясынын отурумуна катышты


Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Тазабек Икрамов Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттер аралык ассамблеясынын жайкы отурумуна катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашып, иш-чара Вена (Австрия) шаарында 5-6-июлда өткөнүн белгиледи.

Отурумдун алкагында Тазабек Икрамов ЕККУнун Парламенттер аралык ассамблеясынын вице-президенти, Азербайжанды Милли мажилисинин депутаты Азай Гулиев менен жолугушту. Тараптар эки тараптуу парламенттер аралык кызматташтыктын, ошондой эле Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттер ассамблеясынын алкагындагы кызматташтыктын маселелерин талкуулашты.

Тазабек Икрамов ошондой эле Норвегия парламентинин депутаты, ассамблеянын төрагасынын кызматына талапкер Кари Хериксен мырза менен да жолугушту. Жолугушууда ал коронавирус илдетине каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташтык, бири-бирине көмөктөшүү маселелерин көтөрдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Asmat84
2021-07-07 11:34:51
Ушул киши эмнени кыйратмак эле десең. Ал жерге чыгып алып да -*болду эми ар кимин өзүңөрдүн эменерди качайтете бербей*
Деп сүйлөп келбесе болду
+7
bond02
2021-07-07 12:06:06
Ассемблея дейт да дагы.
+7
Akyl78.1501
2021-07-07 12:38:18
Бул бала гражданин Россия болгон строгинодо көп контейнерлери месталары болгон тайгараевтен винсовхоздон балдарды 1 жылга договор менен алып келип иштеткен. Кандай эле РФ гражданини бизде депутат болуп калды. Азыр деле Москвада месталары бар паспорту дагы РФ
+5
modem4999
2021-07-07 13:40:19
Чекчейет го бала
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан