Биз социалдык тармакта

"Чек арадан чычкан өтпөшү керек". Инандынын жактоочусу Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды

Орхан Инандынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

Жактоочу Инандынын уурдалгандыгына тиешеси барларды жоопко тартуу үчүн сотко чейинки териштирүү иштерин баштоону талап кылат.

"Биздин жаранды Анкарага чек ара аркылуу алып кетишкен. Бул жерде мыйзам бузуу болгон. Мамлекеттик чек арадан чычкан өтпөшү керек эле. Бул жерде кимдир-бирөөлөрдүн тиешеси бар. Алар боюнча изилдениши керек. Муну менен катар эл аралык стандарттарга ылайык, Кыргыз Республикасынын жараны Орхан Инандыны кайтарып алуу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүшү керек", - деди ал. Ошондой эле ал Инандынын жубайы Рейхан Инанды ар күнү 18:00дө нааразычылык акциясын уюштурууну пландап жатканын айтты.

Белгилей кетсек, Орхан Инанды Кыргыз жараны жана көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө иштеп, жашап келген. Ал ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.

Кечээ, 6-июлда президенттин тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Доганга Орхан Инандыны кайтарып берүү боюнча нота тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kkkk3259780
2021-07-07 13:14:53
ушу адвокадты чек араны кайтартыш керек. анан коробуз чычкан отпогонун...
-8
make2
2021-07-07 13:33:42
Бу бийлик дуйно жузуно уят кылды, убагы келгенде Батукаевдин ишиндей эле жоопко тартылышат
+7
Alinur96kg
2021-07-07 14:07:37
Биздин чек арадан чычкан эмес тажиктер деле отуп кетишет.
+6
Dembele84
2021-07-07 21:38:09
Баарын билет биздикилер,Жапаров озу карматып тапшырган туркторго
0
Jaraisyn
2021-07-08 08:45:09
Dembele84,Оа албетте, сен билесиң баарын. Анткени көргөнсүң да Жапаров салып бергенин. Акылың барбы сөз деп эле жаза бересиңби? Орханды деги тааныйсыңбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан