Жыл башынан бери Кыргызстанга "200-жүктөн" 144ү алынып келинген

2013-жылдын 9 айынын ичинде Кыргызстанга "200-жүк" деп аталган жүктөн 144ү алынып келинди. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин жалпы консулдук маселелер боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Үмөтов Бишкекте өткөн 28-октябрдагы маалымат жыйында билдирди. "200-жүк" - бул чет элде жүрүп каза тапкан адамдардын сөөгүн ташып келүү. Бакыт мырзанын билдиргенине караганда мындай жүктү учак менен алып келүү - 2 миң долларга чамалайт. Тактап айтканда мынча чыгым сөөктү алып келүү, документтерди толтуруу, табыт сатып алуу сыяктууларга кетет.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан