Башкы прокуратура "ата журтчу" депутат Курманбек Осмоновго карата кылмыш ишин козгоду

 

Башкы прокуратура "1992-2009-жылдар аралыгында “Кумтөр” боюнча пайдасыз келишим  түзгөн" деген айып менен "коррупция" беренеси боюнча "Ата Журт" фракциясынын депутаты Курманбек Осмоновго кылмыш ишин козгоду.  Бул тууралуу Генералдык прокуратуранын басма сөз  кызматы билдирет.  

Аталган басма сөз  кызматынын 28-октябрда берген маалыматына ылайык Кылмыш-жаза кодексинин 2-бөлүмүнүн 303-беренесине, 4-бөлүмдүн 304-беренесине, 2-бөлүмдүн 2-беренесине, 305-беренесине жана 1-3-бөлүмдүн 306-беренесине таянып, 1992-жылдан 2009-жылга чейинки аралыкта "Кумтөр" долбоору боюнча Кыргызстанга пайда алып келбей турган макулдашууну түзгөндүгү жана анын кесепетинен Кыргыз Республикасынын казынасына каражаттын жана салыктын аз түшүп, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасири жана башкалар үчүн деп кылмыш ишин козгоду. 

 Маалыматка ылайык, 25-октябрда анын коргоочусу Осмонов дарыланып жатканына байланыштуу тергөө иштерин жылдырууну өтүнгөн. Эскерте кетсек, Осмонов 1992-2009-жылдар ортосунда Юстиция министри, биринчи вице-премьер-министр кызматында иштеген. 2003-жылы Кыргызстандын үлүшү  67 пайыздан 16 пайызга азайганда "Кумтөр" боюнча токтомдун түзүлүшүнө өзгөртүүлөр киргизилген документке кол койгон. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан