Биз социалдык тармакта

Чек ара кызматы Орхан Инанды дайынсыз болгондон бери бардык учактар текшерилгенин билдирди

Бүгүн, 7-июлда парламент жыйынында Кыргыз жараны, "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин негиздөөчүсү Орхан Инандынын жоголуу фактысы боюнча мамлекеттик органдардын маалыматы жөнүндөгү Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы талкууга алынды.

Анда мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев 1-июндан тарта чек аралар катуу көзөмөлдөнүп, өткөрмө жайлары дыкат текшериле баштаганын билдирди. Айтымында, Бишкектен учкан учактардын баары текшерилген.

Белгилей кетсек, Орхан Инанды Кыргыз жараны жана көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө иштеп, жашап келген. Ал ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.

Кечээ, 6-июлда президенттин тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Доганга Орхан Инандыны кайтарып берүү боюнча нота тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Belek1710
2021-07-07 17:15:48
Анан жердин түбү менен кеттиби?
+3
jazmina909090
2021-07-08 00:14:38
Belek1710,под водной лодка менен кетти десек болот
0
aliya-leyla
2021-07-07 21:10:33
Кыргызстанда туулуп өскөн башка улуттун өкүлдөрү кыргызга күйбөйт анан, өз элин жээрип жарандык алган адамды патриот деп эле кечке башка иш жокпу ушул "орханчылар". Түркиянын жарандыгынан чыкпаптыр го даже
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан