Индияда 5 жаштагы кыздын ашказанынан 1 килограмм чач алынды

Индия өлкөсүндө дарыгерлер беш жаштагы кыздын ашказанынан бир килограмм чачты алып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарына жарыяланды.

"Рапунцель синдрому менен жабыркаган кыз ичи ооругандыгын жана жел туруп калгандыгын айткан. Дарыгерлер операция жасоону туура деп табышкан. Кыздын ата-энесинин айтымында, эки жарым жыл мурун чач жей баштаган. Алар кызынын бул адаты менен күрөшүүгө аракет кылып, чачын таз кылып кырдырышкан, бирок кыз андан кийин башкалардын чачын жегенге аракет кылган", - деп жазылат маалыматта.

Рапунцель синдрому - ашказанда чачтын бир нече жылдап топтолушу, бул кыздарда көп кездешүүчү оору. Чачтын учтарын чайнап жутуу адаты көбүнчө олуттуу психикалык ооруларга байланыштуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-07-08 14:08:49
Индия менен кытайга тан калып деле болбой калды.Бардык нерсени кутсо болот алардан
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан