Биз социалдык тармакта

УКМКнын төрагасынын орун басары: "Орхан Инанды уурдалган күнү жан сакчылары суранып кетишкен"

Бүгүн, 7-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында Орхан Инанды Түркия тарабынан кармалганы боюнча укук коргоо органдарынын маалыматы угулду.

УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков Инанды буга чейин УКМКга чакыртылып, аны уурдоо аракети болуп жатканы тууралуу эскертилгенин айтты. "Мындан кийин ал жан сакчыларын көбөйткөн. Орхан Инанды уурдалган күнү жан сакчылары башка жакка суранып кетишкен", - деди ал.

Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.

6-июлда президенттин тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Доганга Орхан Инандыны кайтарып берүү боюнча нота тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2021-07-07 17:27:07
Байланышы бар экен да, баары бир убакта суранып кетишиптирби?!
+7
Milduri
2021-07-07 18:28:00
Ошол жан сакчылары баарын билишет экен анда, ошолор айтыш керек, же акча менен ооздорун жаап койуштубу.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан