Биз социалдык тармакта

Бишкекте бардык райондор сугат суу менен камсыз болду

Бишкек шаарынын бардык райондору сугат суу менен камсыз болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарына Ала-Арча дарыясынан - 1 куб суу, Аламүдүндөн - 0,8 куб суу, Чыгыш Чоң Чүй каналынан - 1,8 куб сугат суу бурулуп келинген.
"Биринчи Май районунда сугат: Чыңгыз Айтматов кең көчөсү, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинен Чүй кең көчөсүнө чейин, Планетарий, Панфилов, Разаков, Чүй, Эмен паркы, Эркиндик бульварында жүргүзүлдү.
Октябрь районунда: Каралаев көчөсү 4-кичи район, Физкультурный сейил багы, Байтик Баатыр көчөсү, Адинай сейил багы, Ынтымак 2 сейил багы, Масалиев проспектиси сугарылды.
Свердлов районунда: 7-Апрель көчөсүндөгү бакчада, Чолпон-Ата көчөсүндө, Ибраимов көчөсүндө кудук аркылуу бөлүүчү тилкеде, Достоевский көчөсүндө, ал эми Ленин районунда: мамлекеттик резиденцияга жакын сейил бакта, Семетей көчөсүндө сугат иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары атайын унаалар менен шаардын 4 районунда сугат иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан