Башкы прокуратура Феликс Куловдун ишин текшерет

Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бүгүн, 28-октябрда "Ар намыс" фракциясынын лидери Феликс Куловдун 2005-2006-жылдардагы аракетине баа берүү боюнча Башкы прокуратурага тапшырма берди. Маалым болгондой, Кулов премьер-министр болуп турган учурда Улуттук гвардиянын жанына көп кабаттуу үй курууга уруксат берген. Депутат Курмантай Абдиевдин айтымында, 2006-жылкы өкмөттүн токтому менен Улуттук гвардиянын аймагындагы жерге көп кабаттуу үйлөр курулган. Депутат Исмаил Исаков бул факты боюнча Феликс Куловду суракка алыш керектигин айтып чыкты. Комитет мүчөлөрү бул иш боюнча иликтөө жүргүзүүнү Башкы прокуратурага тапшыруу чечимине келишти. 

 

 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан