Индиянын легендарлуу актёру Дилип Кумар 98 жаш курагында каза болду

Индиянын легендарлуу актёру жана продюсери Дилип Кумар 98 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматка ылайык, актёр Индиянын борбор шаарындагы ооруканалардын биринде көз жумган. Алдын ала алынган маалымат боюнча, белгилүү актёр дем алуусу начарлап ушул жылдын июнь айынан бери ооруканада дарыланып жаткан.

Легендарлуу актёрдун каза болгондугуна байланыштуу Болливуд жылдыздары, атактуулар, саясатчылар актёрдун жакындарына көңүл айтып, социалдык тармактара актёрду эскерүү постторун жарыялашууда.

Маалымат үчүн: Дилип Кумар 1922-жылы 11-декабрда Пешавар шаарында туулган. Атактуулукка 1950-жылы жана 1970-жылдары жеткен. 50 жылдык актёрдук карьерасында 59 тасмага тартылган. Актёрдун аялы белгилүү актриса Сайра Бану, экөөнүн ортосунда бала жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bolotbek9191
2021-07-08 13:30:53
Артында туяк жок кетебериптирда байкуш
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан