
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жергиликтүү тургунду тоноого айыпталып жаткан Кыргыз жарандары акталды. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
"Санкт-Петербургдун тургунун тоноду деп тергөө органы тарабынан айыпталып жаткан 1993-жылы туулган Д.У.З., 1985-жылы туулган С.Н.Д. жана 1991-жылы туулган М.У.Б., аттуу Кыргыз жарандары 5-июлда Санкт-Петербургдун Фрунзе райондук сотунун өкүмү менен кылмыш ишинин курамынын жоктугуна байланыштуу акталып, сот залынан бошотулду. Аты аталган Кыргыз жарандары 2020-жылдын февраль айынан бери камакта отурган", - деп айтылат маалыматта.
Соттун айыпталуучуларды актаган чечим чыгарышына, аларды жактаган тараптын кесипкөйлүгү, тыкыр жана жигердүү иштеши да жардам берди деп кошумчалашты элчиликтен.
Буга чейин "Санкт-петербургдук аялды көчөдөн курал менен тоноо учуру видеого түшүп калган" деген маалымат жарыяланган.