Гаити элчилиги президенттин аялынын өлүмү тууралуу маалыматты четке какты

Гаитинин Доминика Республикасындагы элчилиги Гаитинин өлтүрүлгөн президенти Жовенель Моизенин жубайы Мартина Моизенин өлүмү тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу дипломатиялык миссиянын кызматкерлерине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда Гаити бийлиги Мартинаны чет өлкөгө дарыланууга жиберүүнү көздөп жатышат, бул үчүн Порт-о-Пренса аэропортунда учак даярдалган.

Дарыгерлердин айтымында аялды Америка кошмо штаттарына же коңшу Доминика Республикасына алып кетүүгө болот.

Буга чейин Гаитинин президенти Жовенель Моиз киши колдуу каза болгону, аны борбор калаадагы резиденциясында өлтүрүп кетишкендиги тууралуу кабарланган. Анда 7-июлга караган түнү саат 01:00дө испан жана англис тилдеринде сүйлөгөн белгисиз адамдар тобу президентке кол салып, президент алган жаракатынан улам көз жумгандыгы, ал эми жаракат алган биринчи айым Мартина Моиз да көп өтпөй каза болгондугу маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан