Биз социалдык тармакта

Бишкекте Фучик көчөсүндөгү темир тосмо иретке келтирилди

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары Фучик көчөсүндөгү темир тосмолорду иретке келтирип, жууп тазалашты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дубалды тазалоого шаардык кызматтардын 30га жакын жумушчусу катышкан.

"Иретке келтирүү ишине 668 көчө шыпыргыч, 114 жүктөгүч жана 33 көрктөндүрүүчү чыкты. Көчөлөргө суу чачуу үчүн 26 техника тартылды. Жууп тазалоо иштери түнкү саат 2:00дөн таң атканга чейин жүргүзүлүүдө. Түндө "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 50 каттам жасашты.

Урматтуу шаардыктар! Шаардык кызматтардын жумушчуларынын эмгектерин сыйлаңыздар, муниципалдык мүлккө аяр мамиле кылыңыздар жана тазалыкты сактаңыздар", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан