Мындай ысыкта чаңкоону басуунун жолдорунун бири - дарбыз жеп коюу. Ширелүү жана таттуу, ал кубанычты гана эмес, ден соолукка да зыян алып келиши мүмкүн. Дарбыздын пайдалуу жана зыяндуу жактарын нутрициолог Элнура Шатманалыева айтып берди.

- Дарбыз коюланган канды суюлтат;
- В, В12 витамини эң көп өлчөмдө дарбызда бар, ал кандын жакшы айлануусуна себеп болуп, ички органдардын мыкты иштешин шарттайт;
- Организм дарбыздагы фруктоза аркылуу энергия алат;
- Бат-баттан ажатканага барып ар кандай токсиндер, шлактар заара менен чыгып кетет. Бөйрөк жана боорду тазалайт.
- Дарбыз 90 пайыз суудан туруп, анда жеңил сиңе турган фруктоза, глюкоза, сахароза 13 пайызга чейин болот. Алар бөйрөк жана жүрөк ооруларын айыктырууда жардамы тиет;
- Калориясы аз болгондуктан ашыкча салмактан арылууга көмөктөшөт;
- Салмак азайтуу үчүн күнүнө 2 килограмм дарбыз менен тазаланса болот;
- Денедеги холестериндин көлөмүн азайтат;
- Аз кандуулук үчүн пайдалуу, ашыкча сууну кетирип, шишикти басат.

Тыйындын эки тарабы болгондой, дарбыздын зыян жактары да бар:
- Эрте бышкан дарбызды жегенден баарыбыз абайлашыбыз керек;
- Дарбыздан аллергияга дуушар болуп калышыбыз мүмкүн, өзгөчө эмчек эмизген энелер этият болуусу зарыл;
- 2 жашка чейинки балдарга дарбызды бербей эле койгонубуз туура. Анткени эрте бышкан дарбызда шекер көп жана гликемиялык индекс жогору болот;
- Эсиңиздерде болсун, эгерде дарбыз жей турган болсоңуз, ага чейин 2-3 саат туздуу азыктарды жебегениңиз оң. Анткени туз суюктукту организмде кармап турат, натыйжада шишик пайда болот. Ошондой эле жүрөк ооруларына ашыкча жүк болушу мүмкүн;
- Өнөкөт, ичеги оорусу менен жабыркагандар дарбызды көп жегенге болбойт, ичти көптүрөт;
- Дарбыздын сыртындагы топурак, чаңдарды жакшы жуубаса организмге инфекция алып кирет.
Ал эми дарбыз эгип, көпчүлүктү сүйүндүрүп келген Жалал-Абад облусунун Ынтымак айылынын тургуну, дыйкан Паязбек Кадыров менен дарбыз тууралуу маекти шилтеме аркылуу кирип окуй аласыз.