"Калыс" саясий кыймылы жаштарды массалык үйлөнтүүгө каршы

"Калыс" саясий кыймылы Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги уюштурган жаштардын массалык үйлөнүү тоюна каршы. Бул тууралуу 28-октябрдагы маалымат жыйынында аталган кыймылдын жетекчиси Жеңиш Молдокматов билдирди. Ал 30-октябрдагы министрлик 3 миллион сом сарптап уюштурган той, каражатты туура эмес пайдалануу экенин белгилеп өттү. "Өткөн жылы 35 түгөйдүн үйлөнүү тоюн өткөрдү. Алардын жарымы азыр ажырашып кетти. Эмне үчүн экенин түшүндүрүп берем. Мисалы мен кыргыздын жараны, эркек жана иштеген жумушум жок туруп, министрге "мени үйлөнт" деп кайрылдым. Эгер мен өзүмдү бага албай жатсам, үй-бүлөмдү кантип багам? Ошентип мен жарым жылдан кийин ажырашам",- деди Молдокматов. Мындан сырткары министрлик мигранттардын маселеси менен алектениш керектигин кошумчалап: "Алар жаштарды эмгектенүүгө үйрөтүп, жашоосуна шарт түзүүнүн ордуна акысыз нерсеге көндүрүп жатат",- деди ал.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан