Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитетинин 28-октябрдагы жыйынында депутат Курмантай Абдиев (оң жактан биринчи) Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Курманакун Матеновго кылмыш ишин козгоого негиз жок экенин айтты. Депутаттын айтымында, Матенов айыпталган фактыга 60 адам катышкан. "Матенов мамлекетке зыян келтирген жалгыз адам эмес. Башкаларга кылмыш иши козголгон жок, Матеновго деле иш козгобоо керек элек",- деди Абдиев.
Эскерте кетсек, К.Матеновго карата "алдамчылык" беренеси боюнча айып тагылып, ал "жасалма документтер менен пенсиясына кошумча акча каражат кошуп алган" деп күнөөлөнүүдө.