Данияда кумдан эң бийик сарай курулду

Данияда кумдан дүйнөдөгү эң бийик сарай курулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Курулуш ишине отуздай мыкты скульпторлор тартылып, узак убакытка созулуп, дээрлик беш тонна кум жана бир аз чопо керектелген. Сарайдын бийиктиги 21 метр болуп, буга чейинки рекордду басып өтүп "Гиннесстин рекорддор" китебине кирген.

Жасалгалары тууралуу өзүнчө сөз кылууга татыйт. Долбоордун менеджери Жон Андерсендин айтымында, объект курчап турган чөйрөнүн ар кандай көрүнүштөрүн камтыйт, ал тургай COVID-19 пандемиясын чагылдыруу үчүн орун берилген. Муну менен коронавирус инфекциясынын биздин жашообузга тийгизген таасирин чагылдыруу максат болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_I
2021-07-08 14:23:46
Социалдык суроолор чечилип, бийлик эл үчүн иштеп калганда эл ушундай хоббилерине убакыт бөлө алат. Хобби эле эмес, ар бир жаран өзүнүн жакшы көргөн жашоосунда жашаганга мүмкүнчүлүгү болот.
+3
Real98
2021-07-08 14:34:35
Rifle_I,туура+. Ал тургай чет өлкөгө саякат жасап калмакбыз. "Өсөр элдин адамдары саякатчы, өспөс элдин адамдары саясатчы" дегенге кошулбайм. Мамлекет жакшы шарт түзүп берсе биз да хобби м-н саякат менен алек болмокпуз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан