Кылмыштуу жол менен табылган кирешелерди ачыкка чыгаруу иштери күчөтүлөт

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финасы боюнча комитетинин 28-октябрдагы жыйынында "Ички аудит жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору колдоо тапты.

 

Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, учурдагы мыйзам 2009-жылы кабыл алынып, анын негизинде 18 мамлекеттик орган менен мекемеде ички аудит түзүмү түптөлгөн, ал багыттагы иштер азыр да улантылууда. Ички аудит түзүмдөрү бюджет каражаттарынын өз багытында жумшалуусун текшерүү менен гана чектелбей, аналитикалык мүнөздөгү иштерди да жасайт. Ошондон улам, алардын иш-милдеттерине мыйзамга айрым бир түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгы пайда болду.  

 

Андан сырткары, "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын өкүлүнүн айтымында, мыйзам долбоору өлкөдөгү коррупциялык иштерге каршы күрөштү күчөтүүгө, кылмыш жолу менен табылган каражаттарга бөгөт коюуга багытталган.

 

Мыйзам долбоорлорун биринчи окууда Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан