"Курманбек Бакиевге, Алмазбек Атамбаевге иш козголду, Аскар Акаевге издөө жарыяланды", - деп бүгүн, 8-июлда маалымат жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Ал "Кумтөр" иши боюнча тергөөнүн жыйынтыгында мурунку президенттерге иш козголгонун айтты. "Бакиевге иш козгодук, Атамбаевге иш козгоп жатабыз, Акаевге издөө жарыяладык. Жээнбековго азырынча эч нерсе жок. Эгерде бир нерсе чыга турган болсо, аны дагы жоопко тартабыз", - дейт Ташиев.