Ирландиянын 106 жаштагы жашоочусу узак жашоонун сырын айтты

Ирландиянын 106 жаштагы жашоочусу узак өмүр сүрүүнүн сыры "жан дүйнөнүн тынчтыгы" деп эсептейт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Брижет Тирни 1915-жылы туулган. Ал журналисттерге берген маегинде эч качан спирт ичимдиктерин ичпегенин, тамеки чекпегенин жана учакка отурбаганын айткан. Муну менен катар ар дайым үй шартында даярдалган тамактарды колдонгонун жана консерваланган азыктарды жебегенин баса белгилеген. 106 жаштагы Тирни кроссворд толтурганды, радио укканды, телевикториналарды көргөндү жакшы көрөрүн кошумчалаган.

Анын 10 баласы, 30 небереси, 43 чөбөрөсү бар. Баары анын туулган күнүнө чогулушкан. Бир небереси жана эки чөбөрөсү Италиядан атайын учуп келишкен. Бирок ага коронавирус жуктуруп албоо үчүн үйгө кирбей, терезеден кол булгалап көрүшүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-07-09 08:10:30
Буларда деле бар экен а 10 бала төрөгөн.Бактылуу карылык деп ушуну айт
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан