Кыргыз өкмөтүнүн мурдагы кызматкерлери коррупциялык кылмыштар боюнча айыпталууда. Муну Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 28-октябрда билдирди. Айыпталгандардын аты-жөнү азырынча белгисиз. Алар Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин жана Ички иштер министрлигинин жооптуу кызматкерлери. Аларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча күнөө коюлууда. Тактап айтканда, кылмыш иши мыйзамсыз жер сатуу боюнча козголду. Мыйзамсыз иштердин артынан мамлекет 56 миллион 910 миң сомдук зыян тартыптыр.