Орусияда медайым коронавируска каршы вакцинанын ордуна "физрастворду" сайып салды (видео)

Орусиянын Калуга аймагында медайым коронавируска каршы вакцинанын ордуна "физрастворду" колдонгон. Социалдык тармактарда бул окуянын видеосу тарап кеткен.

Орусиялык маалымат каражаттары жазышкандай, Калуга облусунун губернатору Владислав Шапша вакцинанын ордуна башка дарыны колдонгон медицина кызматкери иштен алынарын билдирген.

"Жарандарга ошол эле күнү эмдөө жасалды. Жаңжал жөнгө салынды. Ошого карабастан мекемеде расмий текшерүү жүрүп жатат", - деп билдирген бийлик өкүлү.

Медайым учурда эс алууда. Ал кетирген катасын моюнга алып, кызматына мындай шалаакылык мамиле кылганы үчүн жумушка кайтып келбей турганын айткан. Ал мындай кадамга ооруканада вакцина калбай калганы үчүн барганын кошумчалаган.

Вакцинанын ордуна физраствор колдонгон медайым
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан