Тийиштүү комитет Ысык-Көлдөгү билим берүү, маданият, спорт жана диний мекемелердин иштерин талкуулайт

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети Ысык-Көл облусундагы көчмө жыйындын алкагында эртең, 29-октябрда бул аймактагы билим берүү, маданият, архив, спорт жана диний мекемелеринин иштери жана алардын өнүгүү келечеги жөнүндө талкуу уюштуруп, тиешелүү чечим кабыл алат. Бул тууралуу 28-октябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Көчмө жыйындын алкагында билим берүү жаатындагы мекемелерди кыдырууга Ысык-Көлдөгү облус, район жана Чолпон-Ата шаарынын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, Архитектура жана курулуш агенттигинин өкүлдөрү катышууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан