"Талибан" кыймылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн чек арасын бузбоого кепилдик бергени айтылды

"Талибан" кыймылынын саясий бюросунун делегациясы Москвадагы кеңешмеде кыймыл Борбор Азия мамлекеттеринин чек араларын бузбайт деп кепилдик берген. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин орусиялык басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 8-июлда Орусиянын президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов "Талибан" кыймылынын саясий кеңсесинин делегациясы менен кеңешме өткөргөн. Жолугушуунун жүрүшүндө Ооганстандагы кырдаал талкууланган.

"Орус тарап Ооганстандын түндүк аймактарында чыңалуунун курчушуна тынчсыздануусун билдирип, аларды өлкөнүн чегинен тышкары жайылышына жол бербөөгө чакырды. Борбор Азия мамлекеттеринин чек араларын бузбашын, ошондой эле Ооганстандын аймагындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнүн коопсуздугу боюнча кепилдиктер алынды”, - деп жазылган Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында.

"Талибандын" өкүлдөрү өлкөнүн бардык этникалык топторунун кызыкчылыктарын эске алуу менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында өлкөдө туруктуу тынчтыкка жетишүүгө кызыкдар экендигин, ошондой эле адам укуктарын, анын ичинде аялдарды ислам ченемдери жана ооган каада-салттары менен сыйлоого даяр экендигин тастыкташкан", - деп жазган орус басылмалары.

Ооганстанда акыркы бир нече айдын ичинде көптөгөн аймактар "​​Талибан" кыймылынын колуна өткөн. Ал эми кечээ, 8-июлда Ооган-Тажик чек арасында "Талибан" кыймылынын байрагы орнотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан