Биз социалдык тармакта

Токтогул суу сактагычындагы суу 18 миллион метр кубга көбөйдү

Бүгүн, 9-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 220 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 9-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 220 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 621 метр куб, агып чыгышы 417 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемден.

Кечээ, 8-июлда суу сактагычта суунун көлөмү 11 миллиард 202 миллион метр кубду түзгөн.

Ал эми 2020-жылы 9-июль күнү Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард 591 миллион метр куб болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан