Биз социалдык тармакта

Акыйкатчы институту Нарындагы убактылуу кармоочу жайлардын абалы менен таанышты

Акыйкатчы институту 6-7-июнда Нарын облустук ички иштер башкармалыгында мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, пландаштырылган профилактикалык иш сапардын алкагында эксперт-эпидемиолог изоляторлордогу эпидемиологиялык (инфекциялык) коопсуздукту текшерип, ошондой эле убактылуу кармоочу жайларды санитардык көзөмөлдөн өткөрүү жол-жобосун көзөмөлгө алган.

"Мониторингдин жыйынтыктары боюнча эксперттер дары-дармек каражаттарынын жарактуулук мөөнөтүн катуу көзөмөлдөө боюнча тиешелүү сунуштарын беришти", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан