Гаитинин президенти Жовенель Моизди 7-июль күнү борбор калаадагы өзүнүн үйүндө өлтүрүп кетишкен. Анын өлүмүнө шектелип колго түшкөндөр сурак учурунда аларга Моизди өлтүрбөй, тирүү алып келүү милдети жүктөлгөнүн айтышты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Акыркы маалыматтарга караганда, кармалган шектүүлөрдүн арасында Гаити тектүү эки америкалык бар. Алар котормочу экендиктерин билдиришти.
"Жалданма аскерлердин максаты президент Моизди тергөөчү соттун буйругу менен камакка алуу болгон", - деген сот Клемент Ноел америкалыктардын көрсөтмөлөрүнө таянуу менен басылмага берген маегинде. Ошол эле учурда буйрук жөнүндө толук маалымат көрсөтүлгөн эмес. Сот шектүүлөргө таандык автомобилдерди тинтүүнүн натыйжалары жөнүндө айтып берген. Ага ылайык, ок атуучу куралдар жана долларлар, Моиздин үйүнө орнотулган видеокөзөмөл камерасынын сервери жана Моиздин аялынын чек китепчеси табылган.
Шектүүлөрдүн бири "бул жумушту интернеттен таптым" деп билдирген. Анын айтымында, ал Гаитиге бир ай мурун, ал эми калганы үч ай мурун келген. Гаитинин укук коргоо органдарынын кызматкерлери кылмышка шектүү 28 адамдын аты-жөнүн аныкташып, алардын 26сы Колумбиянын жарандары экендигин билдиришкен. Издөө иштеринин жыйынтыгында, 17 шектүү кармалып, жетөө полиция кызматкерлери тарабынан кармоо учурунда жок кылынган. Моиз өлтүрүлгөндөн кийин убактылуу президент шайланганга чейин өлкөнү премьер-министр башында турган министрлер кеңеши башкарууга алган.