Президент Садыр Жапаров этностук кыргыздарга жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдарга жарандык берүүнүн убактылуу жөнөкөйлөштүрүлгөн жобосу тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Убактылуу жобонун колдонуу мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрына чейин уланат. Жарлыкка ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар берилди. Жарлыктын ишке ашырылышы боюнча маалымат президенттин администрациясынын жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгына ай сайын берилип турат.