Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда 12 тоннадай кара куурай өрттөлдү

Жалал-Абад облусунда жапайы кара куурайды жок кылуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы жана Жалал-Абад ОИИБинин шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан жапайы кара куурайлар орулуп, өрттөлүп жок кылынууда.

Мындай иш-чаралар Сузак, Базар-Коргон, Ала-Бука, Токтогул РИИБдери тарабынан өткөрүлүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көмөктөшүүдө.

Жалпысынан 8 гектардан ашуун жерде өскөн 12 тоннадай жапайы кара куурай жок кылынды. Ошондой эле аталган иш-чаранын алкагында жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан