Бүгүн, 9-июль саат 18:00гө карата Баткен облусундагы Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
"Каза болгон УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери сержант Хуснидин Хожиевдин сөөгү өлкөгө бүгүн Тажикстандын аймагы аркылуу алып келинет. Эскерте кетсек, тажик аскер кызматкерлери биздин бир аскер кызматкерин гана кармашкан жана аны кайтарып алуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунда каралып жатат.
Мамлекеттик чек арада күч структураларынын аракеттерин координациялоо максатында Баткен облусуна УКМК Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары Курсанбек Бекташов учуп кетти", - деп жазылат маалыматта.