Биз социалдык тармакта

Бишкек шаарында бассейнге кетип жоголуп кеткен 15 жаштагы өспүрүм кыз табылды

Бишкек шаарында дайынсыз жоголгон өспүрүм кыз табылып, ата-энесине аман-эсен өткөрүп берилди. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан бидиришти.

Маалыматка ылайык, 9-июль күнү Э.Ж аттуу шаар тургуну Ленин РИИБине арыз менен кайрылган. Анда 2006-жылы туулган Т.А аттуу өспүрүм кызы 8-июль күнү Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан бассейндердин биринен кечки саат 21:30 чамасында чыккан боюнча үйгө кайтып келбегенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, өспүрүмдүн жүргөн жерин аныктоо жана издөө иштери башталган. 9-июль күнү саат 16:30 чамасында өспүрүм кыз Ленин районунун аймагынан аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүп берилди. Ошондой эле өспүрүм кызга жана ата-энесине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгү айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан