Кыргыз-Тажик чек арасында ок атышуудан каза болгон сержант Хуснидин Хожиевдин сөөгү өлкөгө алып келинди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
"Аскер кызматкеринин сөөгү саат 22:30да Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасынын кызматкерлери менен Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрүнүн коштоосунда Кыргыз-Тажик чек арасындагы "Кайрагач" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу алып келинди.
Ал эми тажик аскерлери кармаган аскерди өлкөгө кайтаруу боюнча эки тарап сүйлөшүүлөрдү улантып жатат", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми саат 19:18 чамасында Чашмагилдан ашуусунда кыргыз тарапка үч кызматтык ат жабдыктары менен өткөрүп берилген.