Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Тажик чек арасында каза болгон чек арачынын сөөгү жерге берилди

Кыргыз-Тажик чек арасында каза болгон чек арачы Хуснидин Хожиевдин сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Хожиевди акыркы сапарга узатуу өзү туулуп-өскөн Лейлек районундагы Бешкент айылында болду. Узатууга министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, аскер кызматкерлери, маркумдун жакындары катышты.

8-июль күнү саат 17:00 чамасында Кыргыз-Тажик чек арасында эки тараптын чек арачыларынын арасында ок атышуу болгон. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын атчандардын чек ара отряды Чашмагил ашуусунан күтүүсүздөн Тажикстандын чек арачылары тарабынан кол салуусуна дуушар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_I
2021-07-10 15:57:34
Күтүүсүздөн кол салуу бул чыныгы агрессиянын белгиси. Же тажик тарап жазып жатат, жылкы айдап кетүүгө аракет кылган деп. Анда алдын ала тактоо, эскертүү болуш керек. Түз таамай атуу бул душмандык белги.
+4
kazakov1991
2021-07-10 20:29:21
Бийликтегилер ким жооптуу? Бироо жооп бериш керекта .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан