Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2016-жылы Түркиянын 10 жараны Кыргыз өлкөсүнүн жарандыгына кабыл алынып, аларга паспорттор мыйзамсыз берилген. Анда Фарид Ниязовдун жетекчилиги астында президентке караштуу Жарандык боюнча комиссия Түркиянын он жаранын жарандыкка кабыл алуу жөнүндө мыйзамсыз чечим чыгарып, тиешелүү жарлыкка ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул факты боюнча Жазык кодексинин “коррупция” беренеси менен иш козголду. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.