2013-жылдын 9 айынын ичинде Орусиядан соттун чечими менен 950 кыргызстандык жаран чыгарылган. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда маалымат жыйында Тышкы иштер министрлигинин жалпы консулдук маселелер боюнча бөлүм башчысы Бакыт Үмөтов билдирди. Анын айтымында, Орусия мигранттар боюнча мыйзамдарын катаалдантып, 9 айдан бери автоматташтырылган систем иштөөдө. Орусияга кирген жана мыйзам бузган атуулдардын аты-жөнү, документ номерлери атайын маалымат базасына киргизилип, ал боюнча өткөрүү бекеттеринен (пост) өтүп жаткан жарандарды текшерип жатышат.