Биз социалдык тармакта

Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунда дарылоо бөлмөлөрү күчөтүлгөн режимде ишин улантууда

Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунда дарылоо бөлмөлөрү күчөтүлгөн режимде ишин улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкекте эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Медицина кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Мэрия Covid-19 вирусунун жайылышын токтотуу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат.
Ушул жылдын май айынан баштап калкка медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында борбордогу үй-бүлөлүк медицина борборлорундагы дарылоо бөлмөлөрүнүн иштөө убактысы узартылды.
Бейтаптар саат 08:00дөн 20:00гө чейин тамырга, булчуңга, тери астына ийне саюу процедураларын ала алышат.
Ковид менен ооруган бейтаптар үчүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кошумча орундарды ачкандыгын, ал эми дарылоо бөлмөлөрү Ковид-19 вирусу жок калк үчүн даярдалгандыгын дагы бир жолу белгилейбиз.
Процедураларды алуу үчүн дарыгердин мөөр басылган көрсөтмөсү болушу керек.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан