Түркмөнстандын президенти уулун каржы жана экономика боюнча вице-премьер министрликке дайындады

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов уулу Сердарды каржы жана экономика боюнча вице-премьер министр кылып дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, мындан тышкары Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын атынан республикалардын Экономикалык кеңешиндеги жаңы өкүлү болуп калды. Ошол эле учурда мамлекет башчынын уулу Түркмөнстандын Жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы кызматынан бошотулуп, өлкөнүн мамлекеттик коопсуздук кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгарылды.

Сердар Бердымухамедов 2021-жылдын февраль айында вице-премьер-министр болуп дайындалган. Бул кызматта ал санариптештирүүгө жана инновациялык технологияларды киргизүүгө жооптуу болгон. Ага чейин ал өнөр жай жана курулуш өндүрүш министри, ошондой эле Ахал велаятынын (аймак) - Түркмөнстандын борбордук регионунун башчысы кызматтарын аркалап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан