UFC'нин президенти Макгрегордун бутунун сынгандыгын тастыктады

UFC'нин президенти Дана Уайт америкалык мушкер Дастин Порье менен болгон кармаштан кийин ирландиялык мушкер Конор Макгрегордун буту сынганын ырастады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Анын буту сынган. Бул жагымсыз экени айдан ачык, мушташ ушинтип бүтсө эч кимге жакпайт. Конорго сакайып кетишин каалайбыз", - деген UFC'нин президенти.

Уайт мушташтан кийин Макгрегор менен азырынча сүйлөшө электигин, болгону ага бир-эки ооз сөз айтканга жетишкенин кошумчалаган.

"Эртең менен ага операция жасалат. Макгрегор спортко качан кайтып келерин билбейм", - деген Уайт.

Бүгүн, 11-июлда Лас-Вегас шаарында UFC 264 турнири өткөн. Мушташ техникалык нокаут менен аяктап, биринчи раунддан кийин Макгрегор бутунун сынганынан улам күрөштү уланта алган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Islam98
2021-07-11 19:34:49
Алдын ала опколонуп атты эле.Ушуну кормов.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан