Мэрия: Ош шаарынын жолдору кышка толук даяр

Ош шаарынын жолдору кыш мезгилине толук даяр. Муну Шаар жолдору башкармалыгынын башчысы Сатыбалды Абдылдакунов билдиргенин Ош шаардык мэриясы кабарлады. Кышкысын жолго кам көрүүгө 28 даана атайын техника бөлүнүптүр. Жолдорго чачууга 116 тонна туз, 100 тонна кум даярдалганы айтылды. Бул иштерге шаардык бюджеттен 2 миллион сом бөлүнгөнүн, каар жааган күндөрү шаардын борбордук көчөлөрүндө тазалоо иштери күнү-түнү жүргүзүлө турганын айтат Абдылдакунов.        
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан