TikTok тиркемеси сексуалдык мүнөздөгү жана зордук-зомбулук көрүнүштөрүн камтыган мазмундагы видео-роликтерди автоматтык түрдө өчүрө турган жакшыртылган контент модерация тутумун ишке киргизет. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жаңы алгоритмдер боюнча, тиркеме тыюу салынган контентти автоматтык түрдө өчүрүп жана анын себептерин түшүндүргөн билдирүүнү видеонун авторуна жөнөтөт. Мындай учурда колдонуучу апелляциялык арыз берүү менен TikTok тиркемесинин аракеттерине каршы чыгуу укугун сактап калат.
Андан сырткары, мыйзамсыз аракеттер, ошондой эле тыюу салынган товарларды камтыган видеолор дагы модерацияланат.
Жаңы текшерүү тутуму жакынкы апталарда алгач АКШда жана Канадада иштей баштайт.