Биз социалдык тармакта

"Арстан, Лениндин айкели, жолтоо болгон аял". Бишкекти катуу сындап кеткен Илья Варламов эми Ошто

Орусиялык блогер жана журналист Илья Варламов Ош шаарына келди. Ошто жүргөн видео, сүрөттөрүн ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялап жатат.

Алгач ал Ош шаарынын борборуна барып, Лениндин эстелигин, Кыргыз өлкөсүнүн туусун тартып баракчасынын "Stories" бөлүмүнө киргизди. Андан кийин өзүн мэрияда иштейм деп тааныштырган аял ага Ош шаарын тартпоосун айткан.

"Бизде кызык окуя орун алып жатат. Өзүн мэрияда иштейм деп тааныштырган белгисиз аял Ош шаарын тартпоомду айтып, артымдан ээрчип жүрөт", - деди Варламов.

Андан кийин ал шаардын көчөлөрүнүн бириндеги арстандын эстелигине көңүл бурган.

Илья Варламов Кыргыз өлкөсүнө былтыр, 2020-жылдын сентябрь айында келип кеткен. Анда анын Бишкек шаарындагы Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа тыгыны боюнча айтканы кызуу талкууга алынган. Анда ал айдоочулар унаа тыгынына карабай, сигналдарын басып жатканын, патрулдук милицияга баш ийбей жаткандыгын айтып таң калган. Мындан тышкары Бишкектин инфраструктурасын кескин сынга алып, бирок жашоочулардын меймандостугу тууралуу оң пикирлерин айткан 1 сааттык видеоберүү даярдаган.

Илья Варламов Ошко келди
Белгисиз аял Илья Варламовдон Ошту тартпоону талап кылды
Ошту тартууга Варламовго белгисиз аял тоскоол болду
Варламов Оштогу Арстанга кызыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Gulina90
2021-07-11 19:28:18
Жакшы жагыбыз мн корсотушсо болбойбу,тартпа дебей.



+4
Nina.alex
2021-07-11 19:50:18
Негизи эч кимдин акысы жок тартпа дегенге
+8
Nina.alex
2021-07-11 19:50:58
Обон аялго кебетеси
+3
rysik79
2021-07-11 20:02:47
Роосияга жетип эле жамандайт эми.
+2
suban78
2021-07-11 20:45:22
Биздин мамлекет демократиялык мамлекет. Варламов биздин жаман жактарыбызды корсотсо эч ким тыйуу сала албайт. Бизде мыйзам башка. Биз Варламовдун айткан жактарын коруп оз кемчиликтерибизди билишибиз керек. Мен лично жаман жагын коргон жокмун бул адамдын айткандарынан.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан