Биз социалдык тармакта

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги сатуучуларга кумшекер менен өсүмдүк майынын баасын негизсиз кымбаттатпоого чакырды

Бишкектеги ири базарларда жана соода түйүндөрүндө Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кумшекер жана өсүмдүк майы канча сомдон сатылышы керектигин түшүндүрүштү. Мындай иш-чара өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүп жатканын аталган мекемеден кабарлашты.

"Мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги жана кызматкерлери Бишкек шаарындагы "Азиз", "Дордой-Моторс", "Ош базары", "Орто-Сай" базарларында болуп, сатуучулар, дистрибьюторлор арасында буйрутманы колдонуу эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол берилбестиги жана өсүмдүк майы менен кумшекер үчүн чекене баалардын белгиленген көлөмүн сактоо боюнча түшүндүрүү болду", - деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик агенттик ошондой эле ири соода түйүндөрү менен иштешет, бул социалдык маанилүү азыктардын бааларынын төмөндөшүнө жараша жөнгө салынат.

Буга чейин аталган агенттик тиешелүү тараптар менен жолугушууларды өткөрүп, анда 1 килограмм кумшекердин баасын 62-63 сомдон 55 сомго чейин, ал эми 1 литр өсүмдүк майына болгон баа 15 сомдон 20 сомго чейин төмөндөтүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulina90
2021-07-12 08:32:53
Ценасы канча болуш кк так эле айтып койбойбу.
+2
Danysh1
2021-07-12 08:43:35
Блиин жазбапсыңарго канча сом болуш керектигин теманыда урдурат экенсиңерде суперлер товарды караган жетекчилер точно бир бааны айткылачы мисалы май 100 деп
+2
Dembele84
2021-07-12 10:14:32
Бааны жонго салып и ошол бааны которгон иттерди жазага тартыш керек постоянно текшерип.Чакыргандан пайда жок текшерип жазага тартып турбаса
+1
nurka_85
2021-07-12 16:48:48
Сахар 55 , май 150 деп атат беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан