Түркмөнстандын бийлиги Ашхабаддагы резервдик күчтөргө өзгөчө даярдыктарды киргизди. Бул коңшу Ооганстан өлкөсүндөгү аскердик саясий кырдаалга карата жасалган кадам болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анда бир нече күн мурда Түркмөнстан өлкөсү Ооганстан менен чек аранын жанында оор куралдарды, тик учактарды жана бронетехникаларды топтой баштаган.
Мары шаарындагы гарнизондун бир бөлүгү, учак экипажынын аскердик учактары жана тик учактары, жоокерлери чек араны бекемдөө үчүн чек арага которулган. Мары Түркмөнстан менен Ооганстандын ортосундагы негизги чек ара бекети болуп саналып, Серхетабаддан 400 чакырым түндүктө жайгашкан.
Чек арага жөнөтүлгөн аскерлердин, техникалардын саны жөнүндө азырынча маалымат жок. Түркмөнстан менен Ооганстандын ортосундагы жалпы чек аранын узундугу 800 чакырымды түзөт.