Биз социалдык тармакта

Нарын шаарынын кире беришине арка коюу демилгеленди. Эскиздери менен таанышыңыз

Нарын шаарынын кире беришине арка коюу үчүн архитекторлордун эмгектери аталган шаардын тургундарынын сынына коюлду. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сунушталган эскиздер аталган шаардын тургундарынын, ардагер архитектор, мугалим, аксакалдар сотунун, мекеме-ишкана кызматкерлеринин, жаштардын сынына коюлуп, бир катар сунуштар кабыл алынган.

Жеңүүчү аныкталган соң архитекторлор тарабынан эмгекке толуктоолор киргизилерин шаар бийлиги билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Asmat84
2021-07-12 11:33:36
Экинчи варианты жакты Казакстандын Талдыкорган облусуна кире беришине да ушундай турат
0
souza.j
2021-07-12 11:43:51
Тоолор формасы жакшы экен
+1
Kanybekov94
2021-07-12 13:42:28
Тан каласын арка койдук акча кетирип анан эмне онугуп кетебизби азыр кайсы айылга барба данкайып ар бир айылдын озунчо аркасы турат же онугуп кеткендерин деле корбойсун андан коро ошол акчага садиктин площадкасын ремонт кылып же чонойтуп койсо пайда эле болмок
+1
Rifle_I
2021-07-12 14:22:09
Таарынбагыла, бирок арка же эстелик орнотуу бул жөн гана акча коротуу.
Аркадан мурун эс алуучу парктар, туалеттер, спорт аянтчалар орнотулуш керек. Арка элге кандай кызмат кылат? Ошол эле учурда парк, туалет, спорт аянтчалары эмне кызмат кылат?
Кыргыз байпагына акча жок болсо да той өткөрүп кыйын сүйлөп көнүп калганбыз. Абалга реалдуу көз караш менен караганды үйрөнүш керек. Фантазияларды четке коюп.
+2
Rifle_I
2021-07-12 14:24:08
7-апрельге эстелик орнотулган Бишкекте. Мүйүз чыктыбы? Же абал ошол эстелик чагылдырган окуялар бир жыйынтык алып келдиби?
Болбойт ар жерге эстелик арка марка кое берген. Пайдалуу ишке акча жумшаш керек азыр. Биз бай эмеспиз чымчык өлсө да эстелик орното бере тургандай. Же Гурбангулы эмеспиз иттерге эстелик кое тургандай.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан