Биз социалдык тармакта

"Ысык-Көл" аэропорту биринчи жолу Ташкенттен келген аба каттамын тосуп алды

"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту Ташкенттен жайкы туристтик мезгилдин алгачкы учагын тосуп алды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-июлда "Ысык-Көл" аэропорту алгачкы жолу Ташкент-Тамчы-Ташкент маршруттук каттамын тосуп алды. Аба каттамын "Uzbekistan Airways" авиакомпаниясы аткарган. Ташкенттен Ысык-Көл облусуна 40 жүргүнчү учуп келген.

Каттам жумасына 1 жолу - жекшемби күнү жүргүзүлө турганы айтылууда. Учуу убактысы - 1 саат 30 мүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан