Түркияда бир нече адамдын өмүрүн алган жол кырсыгынын себептери иликтенип жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Ван провинциясында мигранттарды мыйзамсыз алып бара жаткан кичи автобустун айдоочусу рулду башкара албай, унаа оодарылып, өрттөнүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 12 адам каза болуп, 20 адам жаракат алган.
Ван провинциясы Иран менен чектешкендиктен Түркия чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Европа биримдигине кирүүгө аракет кылган ооганстандык, пакистандык мигранттар үчүн транзиттик пункт болуп калган.