"Мен ар дайым кыялданам". Миллиардер Ричард Брэнсон Жефф Безостон биринчи космоско барып келди

Британиялык миллиардер Ричард Брэнсон 11-июлда адамзат тарыхында өзүнүн космос кемесинде космоско учкан биринчи миллиардер болуп калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 70 жаштагы ишкер өзүнүн "Virgin Galactic" компаниясы иштеп чыккан "Unity" космостук кемесинде абага көтөрүлгөн. Брэнсондун учурулушу жеке космостук туризмдин жаңы доорун баштады, бирок анын жетишкендигин баары эле моюнуна алууга даяр эмес.

Анын Unity ракетасы жекшемби күнү асман карарып, Жердин горизонтунун ийри сызыктары пайда болгон 90 чакырым бийиктикке жеткен. Бул бийиктикте бир нече мүнөткө токтоп, экипаж Жер планетасын сырттан кароого мүмкүнчүлүк алган, андан соң кайра ылдый түшүшкөн.

Буга чейин Жер шарындагы эң бай адам, Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос миллиардерлердин арасынан биринчилерден болуп космоско учуу ниетин жарыялаган. Июндун башында ал иниси Марк менен 20-июлда учарын айткан.

Британиялык миллиардер космоско учту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazarnew
2021-07-12 20:35:43
Молодец, менин кыялымды аткара баштаптыр.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан