Биз социалдык тармакта

"Евро-2020": Италия курамасы Кубок менен Рим шаарына барды

Футбол боюнча Европа чемпиону аталган Италия курама командасы Рим шаарына барды. Мындай маалымат Италия курама командасынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

"Кубок үйдө", - деп жазылды команданын расмий баракчасында.

Аэропортто жана мейманкананын алдында чемпион команданы күйөрмандар тосуп алган. Команда капитаны Жоржио Кьеллини автобустан башына таажы кийип, колуна Кубокту кармап түшкөн.

Бүгүн, 12-июлга караган күнү түндө өткөн финалдык беттеште Италия Англияны пенальтилер сериясында утуп, тарыхында экинчи ирет Европа чемпиону аталды.

Чемпион аталган Италия Рим шаарына барды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан