Биз социалдык тармакта

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 325 миллион метр кубду түздү

Бүгүн, 12-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 325 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 12-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 325 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 853 метр куб, агып чыгышы 420 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.

Былтыр, 2020-жылы 12-июль күнү Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард 637 миллион метр куб болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан